БШКнын мүчөлөрүн милиция суракка күч менен алып кеткенге аракет кылып жатат | Эркиндик Медиа

БШКнын мүчөлөрүн милиция суракка күч менен алып кеткенге аракет кылып жатат

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн суракка жеткирүүнү аракет кылып жатышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтар боюнча, милиция кызматкерлери процессуалдык укугу жок туруп БШК мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылышууда.

“Бул мыйзамсыз аракет Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишүү катары каралбайбы? Учурда тергөөчүлөр кошумча милиция кызматкерллерин чакырышты” – деп айтылат маалыматта.

БШКнын өкүлү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдиргендей, укук коргоо органынын кызматкери Бөрүбашев шайлоо комиссиясына келип, БШКнын мүчөлөрүн (бардыгы 12 адам) 5-6-октябрдагы башаламандыктар боюнча суракка чакыруу керектиги жөнүндө билдирүү көрсөткөн. Бирок, суракка чакыруу катын көрсөткөн эмес, ошондуктан БШКнын мүчөлөрү баруудан баш тартышты.

Андан кийин аларды милиция кызматкерлеринин коштоосунда суракка күч менен алып барабыз деп коркутушкан.