Быйыл 1 335 эне президенттин колунан сыйлык алат | Эркиндик Медиа

Быйыл 1 335 эне президенттин колунан сыйлык алат

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамдын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар 819 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Толук тизме менен КР президентинин расмий сайтынан таанышууга болот.

Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы негизделген. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.