Чүйдө адамдын чириген жансыз денеси табылып, милиция коомчулуктан жардам сурады | Эркиндик Медиа

Чүйдө адамдын чириген жансыз денеси табылып, милиция коомчулуктан жардам сурады

Чүй облусунун Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринин жер төлөөсүнөн адамдын сөөгү чириген абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин жер төлөөсүнөн адамдын сөөгү чириген абалда табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

“Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган жарандын денесинен кандайдыр бир жаракат табылган эмес. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жарандын аты-жөнү такталбай жатат. Улуту белгисиз, жашы болжол менен 45-50дө. Табылган кийими – кара түстөгү күрмө, күрөң түстөгү шым, бутунда көлөчү бар”, – деп жазылат маалыматта.

Сокулук райондук милициясы аталган жаранды таануу мүмкүн болбой жатканына байланыштуу коомчулуктан көмөк сурайт: 0-3132-5-33-80, 0312 60-75-67, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.