Чүйдө уурдалган койлорду базарга алып барып, сатып жиберген шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

Чүйдө уурдалган койлорду базарга алып барып, сатып жиберген шектүү кармалды

Жайыл районунда милиция кызматкрлери мал уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 10-май күнү Жайыл РИИБүнө арыз менен Кожомкул айылын 1989-жылы туулган тургуну кайрылып, 10-майга караган түнү белгисиз адам анын сарайында турган 4 баш коюн уурдап кеткендигин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүшүп, Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран кармалган. Шектүү Ж.Т. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Өндүрүш убагында шектүү адам уурдалган малдарды Аламүдүн районуна караштуу мал базарлардын бирине алып барып сатып салгандыгы белгилүү болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.