Депутат Айбек Осмонов чет өлкөдөн карыз сурабоонун жолун айтып, министрге сунуш берди | Эркиндик Медиа

Депутат Айбек Осмонов чет өлкөдөн карыз сурабоонун жолун айтып, министрге сунуш берди

Бүгүн, 14-июлдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрине берген конкреттүү сунуш берди:
Өлкөбүздүн казынасын карап олтура бербей, альтернативдүү жолдорду изденүү керек. Мисалы: Европа өлкөсүнө чыгуу үчүн бир адамга Коопсуздукту камсыздандыруунун (страховка) баасы кеминде 15-30€ эмеспи. Ал эми биздин өлкөгө кирүү үчүн чет элдик жарандар эмне үчүн милдеттендирилбеши керек? Биз 15€ эле кылсак, жылына 2 миллион адам кирип-чыгат, ошондо болжолдуу эсепте 2 миллиард сом түшүп жатат.
Сырттан карыз сурай бербей, ушундай жолду колдонсо эмнеге болбосун? Ошондой эле Соц.фондко топтолуучу 17,25% төлөмдүн 2% гана ОМСке бөлүнөт, муну дагы 4% көтөрүүнү карап чыгууну белгилейм”,-деди депутат өз сөзүндө.
Министрдин жообун видеодон көрө аласыз.