Депутат эркекти эркек зордуктады делген мончодогу окуя боюнча: Видеодо бала кыргыз тилинде сүйлөп жатат го | Эркиндик Медиа

Депутат эркекти эркек зордуктады делген мончодогу окуя боюнча: Видеодо бала кыргыз тилинде сүйлөп жатат го

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашованын суроосун ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов укпай калганын айтты.

Анда депутат министрдин орун басарына Жогорку Кеңештин жыйынында телефон менен колдонгонго болбой турганын айтты.

“Жыйынга келгенде телефон менен сүйлөшпөй угуп турасызбы? Телефонду жыйын учурунда колдонгонго болбойт. Биз сизден маанилүү суроону сурап жатабыз”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова эркекти эркек зордуктады делген мончодогу окуя боюнча маселени көтөрдү.

“Мончодо болгон окуя боюнча маалымат бере аласыздарбы? Ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Алтай Республикасында болгон деп жатышат. Так маалымат бериңизчи”, – деди ал.

Ички иштер министри Мирлан Каниметов бул социалдык тармакта тараган маалымат экенин билдирди. Бул боюнча маалымат берилгенин айтты.

Айсулуу Мамашова: “Ал видеодо бала кыргыз тилинде сүйлөп жатат. Кечээ атайын сөздүктү карап, изилдеп чыктым”, – деди.

Мирлан Каниметов бул окуя Кыргыз өлкөсүндө болгон эместигин баса белгиледи.