Депутат И.Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы. Сот кандай чечим чыгарды? | Эркиндик Медиа

Депутат И.Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы. Сот кандай чечим чыгарды?

Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду, деп билдирди 22-майда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

«Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Ж. аттуу жарандын ден соолугуна жеңил зыян келтирген. Ал Өмүркуловго эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирди», – деди ИИМ.

Басма сөз кызматы белгилегендей, сотко чейинки өндүрүш Жазык-процесстик кодекстин 26-беренесине (Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) ылайык токтотулган.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуу бөлүгүндө, эреже бузуу кодексинин 123-1, 2, 128, 1 жана 122- берененин 1 – бөлүмдөрүнө ылайык, жалпы суммасы 22,5 миң сомго айып пул салынды», – деп билдирди Бишкек ШИИББ.