Депутат качкын президенттерди парламент жыйынына чакырууну сунуштады | Эркиндик Медиа

Депутат качкын президенттерди парламент жыйынына чакырууну сунуштады

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын мурдагы президенттерин парламенттин жыйынына чакырууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакында депутаттар Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулашты, анын алкагында төрага Акылбек Жапаров “Центерра Голд Инк” менен келишим түзгөн саясатчыларды, анын ичинде мурунку президенттер жана премьер-министрлерди атады.

“Кремлде кимдир бирөө сүйлөйт жана маек куруп жатат, бирөө түрмөдө. Алар пайдасызи чечимдерди кабыл алышкан. Ошондуктан аларды чакырып, сураш керек”, – деди Атазов.