Депутат нааразы: Кабмин президентке гана баш иет, ал эми парламенттин кереги жок | Эркиндик Медиа

Депутат нааразы: Кабмин президентке гана баш иет, ал эми парламенттин кереги жок

“Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин кереги жок, деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев бүгүн парламент жыйынында.

Анын айтымында, бул документтин ченемдери мамлекеттик бийлик институттарын алсыратууга багытталган.

“Үчүнчү долбоордун беренесин караңыз – министрлер кабинетинин укуктук статусу жөнүндө. Анда министрлер кабинети өз ишин Президенттин гана тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт деп айтылат. Жогорку Кеңеш жөнүндө бир дагы сөз жок. Министрлер кабинети президентке гана жооп берет. Мындай көрүнүш 30 жылда да болгон эмес. Мындай мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин парламент өзүнүн актуалдуулугун жоготот», – деди Каныбек Иманалиев.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети мамлекеттик структура катары 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген жаңы Конституцияда жазылган. Кабинеттин бардык ыйгарым укуктары жана анын жоопкерчилиги Негизги Мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок Каныбек Иманалиев баш болгон алтынчы чакырылыштагы парламент эмнегедир бул маселени көтөргөн эмес.