Депутаттын уулу унаасы менен кызды сүзүп кеткен учурда мас абалда болгону аныкталды | Эркиндик Медиа

Депутаттын уулу унаасы менен кызды сүзүп кеткен учурда мас абалда болгону аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов эс алуу күнүндө велосипед тээп жүргөн кызды автоунаасы менен сүзүп кеткен. Айдоочу окуя учурунда мас абалда болгонун АКИpress агенттигине бүгүн, 17-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жабырлануучуну автоунаа жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жатканда сүзгөн. Ал ооруканага жеткирилип, баш мээсинен жабыркаганы аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Окуядан кийин А.Өмүркулов наркологияга жеткирилип, анализдин жыйынтыгы менен организмде алкоголдук ичимдик бар экени тастыкталган.

Окуя 15-майда саат 23:00 чамасында Токтоналив—Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Азамат Өмүркулов «Порш Панамера» автоунаасын башкарып жүргөн. Масалиев көчөсүнө бурулуп бара жаткан жолдо велосипедчен М.Ж.ны (1992-жылы төрөлгөн) сүзгөн.

Унаа айып короого токтотулуп, окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

  • 38 жаштагы Азамат Өмүркулов — Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу.

А.Өмүркулов 2011-жылы Токмок тараптагы айланма жолдо «Лендкрузер» унаасын катуу ылдамдык менен башкарып жүрүп, каршы тилкеге чыкканда жол кырсыкка учураган. Анын кесепетинен «Ауди» автоунаасындагы 3 адам: айдоочу Талгар Турдукеев (1991-жылы туулган, Караколдун тургуну), жүргүнчү Алтынай Турусбекова (1988-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну) жана Мурат уулу Жайнак (1990-жылы төрөлгөн, Таластагы Кара-Буура районунун тургуну) көз жумган.

Токмок шаардык соту бул ишти кыскарткан. Ага жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлдөрү доодон баш тартканы себеп болгон.

Ал учурда Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болчу.