Добуш берүүгө келген 74 жаштагы эркек кишини тез жардам менен ооруканага алып кетишти | Эркиндик Медиа

Добуш берүүгө келген 74 жаштагы эркек кишини тез жардам менен ооруканага алып кетишти

Тез жардам тобу добуш берүүгө келген шайлоочулардын бирин ооруканага жаткырды. Бул маалымат Бишкек шаардык тез жардам борборунан тастыкталды.

Тез жардам кызматынан билдиришкендей, чакыруу №47 орто мектепте жайгашкан шайлоо участогуна келип түшкөн. 74 жаштагы бейтап өзүн жаман сезип Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Саат 08:00дө өлкө боюнча шайлоо участоктору ачылды.

Жалпысынан 34 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат, анын 24ү дарыгерлер; 10 фельдшер; 3 тез жардам кызматы резервде турат.