Ээн үйдө кумарын кандырууга аракет кылган жигиттен сактанам деген кыздын өлүмү | Эркиндик Медиа

Ээн үйдө кумарын кандырууга аракет кылган жигиттен сактанам деген кыздын өлүмү

Жогорку cот Кеминдеги окуучу кыздын өлүмү боюнча жаш жигитке чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Токтом 2020-жылдын август айында кабыл алынды.

Иштин материалдары жабык сот отурумунда каралды.

Буга чейин Кемин райондук соту К.Аманбекти 15 жылга эркинен ажыраткан болчу. Бирок көз жумган кыздын таенеси бул чечимге нааразы болуп, Чүй облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу келтирген.

Чүй облустук соту 2020-жылы 26-майда аталган жигитти өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.

«Эми бир аз болсо да санаам тынч. Оор кылмышты жасаган кылмышкерге жеңил жаза берүү туура эмес. Анда эч кимге сабак болбойт. Менин кызым: “Апа, чоңойсом доктур болуп, сизди да дарылайм” дечү эле. Тилеген тилегине жетпей калды. Сотко ыраазы болдум. Калыс чечим чыгарды», – деди таенеси.

Маркумдун жансыз денеси табылган үй

Милиция кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө Кеминдеги ээн калган үйдөн жоголгон кыздын жансыз денесин табышкан. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери болгон. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (Адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Укук коргоо органдары кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кемин районунун Кашкелең айылынын 1999-жылы туулган К.А. аттуу тургунун кармашкан. Шектүү буга чейин дагы кылмыш жообуна тартылганы белгилүү болгон.

подозреваемый в убийстве

Тергөөнүн маалыматына караганда, 20-сентябрда болжол менен саат 21:30 чамасында мас абалдагы жигит өспүрүм кызды Кеминдин көчөсүнөн жолуктуруп калган. Ал кызга күч колдонуп, ээн калган үйгө алып барган. Андан кийин жигит кызды зордуктайын дегенде кыз ага каршылык көрсөткөн. Ошондо жигит кызды катуу сабаган. Анын кесепетинен окуучу кыз каза болгон.

Булак: Turmush