“Эмнеге жакшыны көрсөк дагы көрмөксөнбүз?” Марипов көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды | Эркиндик Медиа

“Эмнеге жакшыны көрсөк дагы көрмөксөнбүз?” Марипов көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды

Журналист Канышай Рыспекова Ноокат райондук ооруканасынын башчысы Асамидин Марипов тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Мен Асамидин Мариповдон жайында интервью алып, ал кишини жакшы таанып калгам.  Алгач эле Ноокат райондук ооруканага барганда мени директорго узатышты, адаттагыдай эле чоон кабинетти ээлеген, бийик булгаары креслодо отурган адамды элестетип кирдим. Бирок, менин күткөнүм менен реалдуулук эки башка болуп чыкты. Ооруканадан тышкары кичинкей бөлмө, ичинде жупуну стол, анын үстүндө изилдөөлөргө төлгөн документтер, жөн гана акиленген кабинеттин дубалы…

Ал эми Ноокат районунун ооруканасынын абалы суктанаарлык өнүккөн , таза,айланада гүл бакчалар отургузулган, бир нече ИВЛ апараттар, шурудай тизилген системага түшкөн оорукана. Ошондой, адамгерчилиги жөнөкөй өз ишин мыкты билген Асамидин Мариповко абдан баа бергем, ал киши өмүрүн ооруканага арнаганы ачык айкын. Пандемия маалында Covid-19дан айыккан бейтаптарга плазма куюуу методун Кыргызстанда биринчилерден болуп ишке ашырып, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды.
Эмнеге жакшыны көрсөк дагы көрмөксөнбүз?

Эч кандай саясатташтыруунун кергеи жок. Асамидин Марипов тарапка айтылган акыркы негативдерди окуп, болгону калыс пикиримди билдирууну чечтим. Урматуулар, пейилди кенен коелу!”