Эрулан Көкүлов: “Депутат болсом, учурда аткарып жаткан иштер бир аз жеңилирээк болмок” | Эркиндик Медиа

Эрулан Көкүлов: “Депутат болсом, учурда аткарып жаткан иштер бир аз жеңилирээк болмок”

Журналист, блогер Эрулан Көкүловдун алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген магеинде билдирди.

“Саясатка баруум саясатчы болуу үчүн эмес. Депутат болсом, учурда аткарып жаткан иштер бир аз жеңилирээк болмок. Санэпидкөзөмөл борборуна жетекчи болуу боюнча кайрылуума жогору жактан реакция болгон жок. Мен бир да протокол жазбай, эч кандай айып салбай эле оңдодум. Элге билинбегени менен өзгөрүү бар экенин көрүп жатам”, – дейт Көкүлов.

Көкүлов адам колунан келген нерсесин жасашы керектигин белгилеп, Санэпидкөзөмөл борборун жетектөөгө даяр экенин айтты. Ошондой эле, “Реформа” саясий партиясынын катарынан кеткенине 3 айдын жүзү болгонун кошумчалады.