ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгы онлайн форматында кеңешме өткөрдү | Эркиндик Медиа

ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгы онлайн форматында кеңешме өткөрдү

ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгы онлайн форматында кеңешме өткөрдү.
2021-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгында онлайн форматында 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгаруучу кеңешме болду. Кеңешмеде эки маселе каралды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын түзүмдөрүнүн 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишин алып барууда мыйзамдуулукту сактоо жана кемчиликтерди жоюу маселелелери талкууланды.
Онлайн форматындагы кеңешмеге ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, өздүк курамы жана ИИМдин ТИИБнын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББнын, Ош шаардык жана облустук ИИБнын начальниктеринин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча орун басарлары жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн начальниктери катышты.
ИИМдин Жоруктар иштери боюнча башкармалыгынын начальниги Сапар Аманкулов белгилегендей, 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыктын түзүмдөрү тарабынан жарандардын арыз-даттануулары боюнча 39098 жорук иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен КЖБРге катталганы 33238. Отчеттук мезгилде 5441 жорук иши соттук кароого жөнөтүлгөн.
Жыйынтыгында алты айдагы ийгиликтер белгиленип, иликтөө ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндөгү кемчиликтерди жоюу багытында көрсөтмөлөр берилип, иштин сапатын жогорулатуу максатында талаптар коюлду.

Возможно, это изображение (1 человек)

Возможно, это изображение (1 человек, в помещении и офис)

ИИМдин Басма сөз кызматы