Интимдик сүрөт, видеолорун жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылган аял кармалды | Эркиндик Медиа

Интимдик сүрөт, видеолорун жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылган аял кармалды

Бишкекте интимдик сүрөттөрүн жарыялоо менен коркутуп, жабырлануучудан акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Шаар тургуну Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, опузалап, акча талап кылган адам жөнүндө айтып берген. Аял кыздан 30 миң бериши керектигин, болбосо анын интимдик сүрөт жана видеолорду жарыялай турганын айтып, коркуткан”,- деп билдиришти редакцияга.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 35 жаштагы шектүү аял кармалды. Ал ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.