“Үйү кайда экенин билбейт…” Сабиталиева Бурулсун дайынсыз болууда | Эркиндик Медиа

“Үйү кайда экенин билбейт…” Сабиталиева Бурулсун дайынсыз болууда

Кочкор райондук ички иштер бөлүмү Сабиталиева Бурулсунга издөө салат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кочкор районунун Мантыш айылынын тургуну 05.07.1983-жылы туулган Сабиталиева Бурулсун Зарлыковна 2021-жылдын 25-март күнүнөн бери үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жатат.

Сабиталиева Бурулсун 2-топтогу майып, үйү каякта экенин билбейт.

Белгилери: Бою 155-160см, башында боз түстөгү топу, үстүндө чарала спортивка, астында кара түстөгү спортивка шым, бутунда кара түстөгү көлөч кийип жүргөн.

Көргөн билгендер болсо ушул номерлерге билдирип койсоңуздар!!!
Кочкор РИИБү: (03535)5-02-79,
0706 79-85-60,
0707 80-39-70