Үй камагына чыккан Эрмек Мамыркалиев кайра камакка алынды | Эркиндик Медиа

Үй камагына чыккан Эрмек Мамыркалиев кайра камакка алынды

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге күч органдарынын кызматкерлери билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Эрмек Мамыркалиев келтирилген зыяндын (2.5 млн сом) ордун толтуруп, үй камагына чыккан. Бирок. Бишкек шаардык сотунун чечими менен ал кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 7-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.

Ал 9-январда Мамыркалиев өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген чыгымды (2,5 млн. сом) мамлекетке кайтарып берген. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамыркалиевди үй камагына чыгарган.