“Көчөгө таштап кеткен” Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасы табылды | Эркиндик Медиа

“Көчөгө таштап кеткен” Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасы табылды

Бүгүн, 20-май күнү 13:40 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы «Наш голос» социалдык үйүнүн уурдалган унаасы табылды. Бул тууралуу коомдук фонддун директору Айнура Ормонова социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

«Мүмкүн, аны уурдагандар социалдык тармактардан жана басма сөз беттеринен билдирүүлөрдү көрүшсө керек. Балким, абийири ойгонуп кеттиби, же алар жөн эле коркуп жатышкандыр. Укук коргоо кызматкерлери эми иштин жагдайын иликтешет. Унаанын аман-эсен экенине, аны тапканга биз абдан кубанычтабыз жана буга жардам бергендердин баарына ыраазыбыз», – деп билдиришти фонддон.

Анын айтымында, унаанын жардамы менен бүтүрүүчүлөр жана окуучулар тамак-ашка, жашоого жана үй курууга акча таап жатышкан.

20-майга караган түнү 2000-жылы чыгарылган «Daewoo Damas» унаасын уурдап кетишкен. Бирок эртеси аталган балдар үйүнүн кызматкерлери ошол эле айылдагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган унааны табышты.

Окуя тууралуу билгендер 0771 221 771, 0701 991 711 номурларына чала алышат.