Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповду өкмөт башчылыкка көрсөттү | Эркиндик Медиа

Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповду өкмөт башчылыкка көрсөттү

Премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Улукбек Мариповдун талапкерлигин бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция карады. Ал учурда Эсептөө палатасынын төрагасы. Жакында анын 5 жылдык мөөнөтү аягына чыгат.

Суроо-жооптун жыйынтыгы менен анын талапкерлигине каршы чыккандар болгон жок. Эми өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн талапкер жана өкмөттүн курамы парламенттин кароосунан өтөт.