Кайгуул кызматкери “NAGA Greppling” боюнча Кыргызстан чемпионатында биринчиликти багындырды
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери “NAGA Greppling” боюнча Кыргызстан чемпионатында биринчиликти алып чемпион болду.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун 1-ротасынын 3-взводунун кызматкери милициянын кенже сержанты Топчубаев Бакай Туратбекович 16-17-январда “Стронг” спорт клубунда өткөн чемпионат Кыргызстан “NAGA Greppling 2021” мелдеште 90 килограмм салмак категория боюнча биринчиликти алып, Кыргызстандык чемпион болду.
Каарманыбыз 1991-жылы Ош облосунун Кара-Суу районунда төрөлүп, бүгүнкү күндө Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматында татыктуу кызмат өтөп келет. Буга чейин да 2018-жылы өткөн 90 килограмм салмак арасындагы “Ушу Саньда” мелдешинде чемпион, 2019-жылы өткөн 93 салмактар арасындагы “ММАнын”Кыргызстан боюнча чемпиону, мындан башка да бир нече мелдештерге катышып, биринчиликтерди алган.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.