Кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 347 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар аныкталды | Эркиндик Медиа

Кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 347 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар аныкталды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 347 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар аныкталды.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 21-январдан тартып, 29-январга чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 347 авто унааны аныктады. Алардын ичинен 52 Россияныкы, 5 Арменияныкы, 6 Азербайжандыкы, 268 транзиттик номурлар, 16 жана башка чет өлкөлүк унаалар. Булардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 5 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.