Кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен 6 жаштагы баланы таап, агасына өткөрүп беришти | Эркиндик Медиа

Кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен 6 жаштагы баланы таап, агасына өткөрүп беришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап, үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу аталган кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 11-майында болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Юг 2” кичирайонунан жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле даректен ошол эле убакытта 2015-жылы туулган Д.И. аттуу иниси жоголуп кеткендигин кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде жаш баланы таап, байкесине сак-саламат жеткиришип беришкен.

Инисинин табылганына сүйүнгөн агасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.