Кайгуул кызматы кырсыкка күбө болгон жарандарды кайдыгер карабай, милицияга кабарлоону өтүндү | Эркиндик Медиа

Кайгуул кызматы кырсыкка күбө болгон жарандарды кайдыгер карабай, милицияга кабарлоону өтүндү

Кайгуул милициянын издөө бөлүмү жарандарга кайрылып, кырсыктын күбөлөрүн тиешелүү бөлүмдөргө кабаралоону өтүндү.

Жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында жол транспорт кырсыгынан кийин из жашырып качып кеткен айдоочулар тууралуу 181 факты катталып, аларды 104ү милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан табылган.

Калган 77 факты боюнча издөө иштери уланууда.

Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жарандардан көчөдө жол кырсыгы катталган учурларда көңүл кош карабастан, 102 номуруна же кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнүн 0509 102 122 сандуу “WhatsApp” номуруна кабарлоону өтүнөт.

Анткени Бишкек шаарынын аймагында “Коопсуз шаар” долбоорунун видео көзөмөлдөрү толук орнотулбагандыктан, жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуларды издеп табууда жөнөкөй жарандардын да көмөгү чоң экендигин эскертебиз.