Кайгуул кызматынын кызматкерлери көчөлөрдү тазалоо иштерин алып барууда | Эркиндик Медиа

Кайгуул кызматынын кызматкерлери көчөлөрдү тазалоо иштерин алып барууда

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери көчөлөрдү тазалоо иштерин алып барууда.

Кар калың жаап, жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, анын кесепетинен жол тыгындары пайда болуусунун алдын алуу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек мэриясына караштуу ” Тазалык” муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө жарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагында жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барышууда. Ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы бул жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да уланаарын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан авто унааларды жол жээгине токтотуп кетпөөгө чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы