Кайгуулчулар төрөт үйүн таппай жаткан боюнда бар келинди төрөт үйүнө жеткиришти | Эркиндик Медиа

Кайгуулчулар төрөт үйүн таппай жаткан боюнда бар келинди төрөт үйүнө жеткиришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери боюнда бар айымды төрөт үйүнө жеткиргенге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 13- майында болжол менен саат 06:40 чамасында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Лермантов көчөсүндө жашаган “Таатан” соода борборунун жанынан ” Шевроле Ланос” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Анда унаадагы аялынын төрөтү жакындап, төрөт үйүн таппай жаткандыгын жана тез тоскоолдуксуз коштоп жеткирип коюуну суранган.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, авто унааны кайгуул кызматынын унаасынын артынан айдоо менен тез жана тоскоолдуксуз Чүй облосттук төрөт үйүнө жеткиришкен.

Кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.