Кайгуулчулардын унаасы жөө жүргүнчүнү сүздү | Эркиндик Медиа

Кайгуулчулардын унаасы жөө жүргүнчүнү сүздү

Бишкек шаарындагы Айтматов проспектисинде Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасы катышкан жол кырсык болду. Кайгуулчулардын унаасы жөө адамды сүзгөнүн күбө болгон окурман билдирди.

Кырсык бүгүн, 22-январда саат 09:30 чамасында болгон. Жабырлануучуну (1959-жылы туулган аял киши) ооруканага жеткиришкен.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы автоунаа айып короого токтотулуп, тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө кызматына жөнөтүлгөнүн билдирди.