Кайра шайлоонун датасы бир айга жетпей жарыяланат | Эркиндик Медиа

Кайра шайлоонун датасы бир айга жетпей жарыяланат

БШК бир айга жетпеген убакытта Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова SUPER.KG порталына маалымдаган.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 4-октябрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу кайра шайлоо өтөт. Ал үчүн БШК эч жерден уруксат албай эле баш мыйзамдын 31-беренесине ылайык, шайлоону уюштура берет. Биз, албетте, бир ай күтө албайбыз ага чейин өткөрүү керек. Шайлоону кайра өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына келген арыздарды, андан тышкары БШКга түшкөн арыздар, ошондой эле ИИМге, Башкы прокуратурага жана ЖМКларга чыккан мыйзам бузуу фактыларын карап, ар бирин талдап чыгуу керек. Эгерде ошондо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон саясий партиялар аныкталса, алар шайлоого кайрадан катыша алышпайт. Эгерде борборбук шайлоо комиссиясы күнөөлүү болсо, анда кайра комиссия түзүлөт“, – деп билдирди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары алган. Бул партиялардан тышкары 7 пайыз босогону “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бүгүнкү күнгө карата митингден жаракат алып, медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 1002ге жеткени маалымдалды. Учурда өлкөдө абал дагы да болсо турукташа элек.