Кара-Балта шаарынын тургундары көрүстөндөн жерден казылган табытты табышты | Эркиндик Медиа

Кара-Балта шаарынын тургундары көрүстөндөн жерден казылган табытты табышты

Кара-Балта шаарынын тургундары шаардын көрүстөнүнөн жерден казылган табытты табышты.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-январда Жайыл районунун ИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Окуя катталды.

“2020-жылдын декабрь айынын ортосунда, кичи мекенине көмүү үчүн 1970-жылы туулган Б.К.нын сөөгүн туугандары казып алышкан, бул үчүн тиешелүү органдардын уруксаты бар экени аныкталды. Мүрзөнүн кароолчусунун айтымында, мүрзөнү казуу учурунда табыттын бир бөлүгү сынгандыктан, ал турган жеринде калтырылган” деп белгилешти алар.

Turmush: На кладбище Кара-Балты нашли выкопанный из земли гроб. Видео