Кара-Кече кенинде өрт чыкты, жабыркагандар жок | Эркиндик Медиа

Кара-Кече кенинде өрт чыкты, жабыркагандар жок

Эртең менен Кара-Кечеде таразага тартуучу бөлмөсү күйүп кетти.  Өрт бүгүн, 2021-жылдын 25-январында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын себеби кыска туташуу.

Жабыркагандар жана жаракат алгандар жок, жана документтер дагы өрттөнгөн эмес.
Кара-Кечеде жумуш кадимкидей жүрүп жатат. Учурда комиссия түзүлүүдө.

Келтирилген зыяндын көлөмү текшерилгенден кийин такталат. Азыр экинчи таразага тартуучу бөлмө өз ишин улантууда. Өрт чыккан жер 2-3 күндө өз калыбына келтирилет.