Кара-Кулжада 2 милиционерди атып качып кеткен адам колго түшө элек | Эркиндик Медиа

Кара-Кулжада 2 милиционерди атып качып кеткен адам колго түшө элек

12-январдан 13-январга караган түнү Кара-Кулжа районунда 2 милиция кызматкерин мылтык менен атып качып кеткен кылмышкер кармала элек. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда республиканын аймагынан издөө иштери уланууда.

Буга чейин, Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12-январдан 13-январга караган түнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында милиция кызматкерлерине ок атуучу курал менен кол салуу болгонун билдирген.

Маалыматка караганда, түндө Кара-Кулжа РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштеген инспекциясынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты С.Б.га кол салуу болгон. Лейтенант Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө өзүнө таандык «Нива» үлгүсүндөгү унаасында отурганда бейтааныш адам кол салып, унаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги кош сайлуу ок атуучу куралдан капысынан ок аткан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жетип, Кара-Кулжа РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Д.К. унаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз адам ок атуучу курал менен 1 жолу далысына атып жиберген. Д.К. жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал адамды көздөй 1 жолу ок чыгарган. Ошол кезде кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул окуя Кара-Кулжа РИИБде Жазык кодексиндеги адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен катталган. Атылган октордон Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери Д.К. менен Б.С жаракат алып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя боюнча кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна «Перехват» операциясы киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган. Азыркы учурда кылмышка шектүү адамды аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ок тийген 2 милиционердин бири Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилип, экинчиси Кара-Кулжа аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

Бүгүн, 29-январда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы ок тийген 2 милиционер Бишкектеги ооруканага которулганын кабарлады.

Маалым болгондой, алар денесинде калган чачма окторду алдыруу үчүн Бишкек шаарындагы ооруканага кетишти. Милиция кызматкерлеринин бирөөсүнө 72 чачма кирип, 10 чактысын алууга мүмкүн болгон эмес. Ал эми экинчи милиционерге 50дөн ашык чачма ок кирген. Анын да денеси толук тазаланган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.