Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү эл менен жолугушуп, отчет берүүнү улантышууда | Эркиндик Медиа

Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү эл менен жолугушуп, отчет берүүнү улантышууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде жер-жерлердеги милициянын уполномоченныйлары тарабынан тейлеген аймактардагы тургундарга отчет берип келишүүдө.

Мындай иш-чаралардын бири 20-январь күнү Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунда өткөрүлдү.

Жергиликтүү эл менен жолугушууга А. Султанов атындагы Кара-Суу РИИБнин начальниги, милициянын полковники Арабидин Акунбеков баш болгон райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилик курамы жана Ак-Таш айыл округунун башчысы жана айылдын жашоочулары катышты.

Мында Кара-Суу РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын кенже лейтенанты Жусупов Бактыяр элге отчет берип, бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгү, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү иш-аракеттери боюнча маалымат берди.

Айтылган маалыматтар боюнча мындагы жашоочулар өз пикирлерин айтып, көйгөйлүү маселелерин ортого салышты.
Бул айылдын жашоочулары мектеп окуучуларынын коопсуздугу, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алуу, кечки убакта спирттик ичимдиктерди сатууну токтотууну, жаштардын түндөсү көчөдө жүрүүсүнө ата-энелер менен бирге тыюу салууну жана башка ушул сыяктуу маселелерди талкуулашты. Жыйынтыгында жалпы айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, мындай иш-аракеттердин негизги максаты ички иштер органдарынын кызматкерлерине болгон калктын ишенимин жогорулатуу, эл менен кызматташууну күчөтүү жана жер-жерлерде саясий, социалдык экономикалык туруктуулукту, укуктук тартипти камсыздоо, кылмыштуулук жана башка мүнөздөгү көйгөйлүү маселелерди өз учурунда аныктоо жана жеринде чечүү болуп саналат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы