“Каракол-Эңилчек” жолуна атайын техника жөнөтүлдү | Эркиндик Медиа

“Каракол-Эңилчек” жолуна атайын техника жөнөтүлдү

Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, суу жеп кеткен “Каракол-Эңилчек” жолуна атайын техника жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин “Каракол-Эңилчек” жолунун 95-100-чакырымындагы бөлүгүн суу жеп кеткени айтылган.

Жолду оңдоого 1 жүктөөчү унаа, 1 экскаватор, 3 Howo, 2 бульдозер жөнөтүлгөн.

Учурда “Каракол-Эңилчек” жолу жабык.