Караколдо наристени сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды | Эркиндик Медиа

Караколдо наристени сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

9-март күнү болжол менен эртеӊ мененки саат 9.30 чамаларында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан, жол кырсыгынан улам  ар кандай денесинен алган жаракаты менен травматология бөлүмүнө 6 жашар кыз жаткырылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Түшкөн маалымат боюнча шаардын милициясынын тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан кыздын энесинен жана жол кырсыгынын күбөөлөрүнөн сурак жүргүзүлүп, Каракол шаарынын Масалиев жана Нургазиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу, ак түстөгү «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун четинде бара жаткан наристени сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болот.

Ошол замат, Каракол шаарында «Колго түшүрүү» иш мерчеми киргизилип, жол кырсыгы боюнча маалымат коӊшу райондук ички иштер бөлүмүнө кабарланат. Жол кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуну аныктоо жана аны кармоо боюнча кечиктирилгис чаралар турмушка ашырыла баштайт.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, Каракол ШИИБдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана аймактык милициянын ыйгарым өкүлдөрү тарабынан кылмыштын изи сууй электе жаш наристени «Фольксваген-Венто»автоунаасы менен сүзүп кеткен айдоочу Түп районунун Талды-Суу айылынан кармалат. Кармалган адам, Ак-Суу районунун Жолколот айылынын 24 жаштагы тургуну К.А. болуп чыгып, алгачкы суракта күнөсүн толугу менен мойнуна алат.

Жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жол кырсыгына шектүү адам, таанышынан автоунаасын сурап алгандан кийин, Каракол шаарына келип, ал жерден жолдун четинде бара жаткан кичинекей кызды сүзүп алат. Жол кырсыгы болгон жерден качып кетип, автоунааны ээсине тапшыруу үчүн Талды-Суу айылына келгендиги аныкталды.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155 берененин 1 бөлүгү (Автомототранспорттук каражатты башкаруучу адамдын автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин атайылап жана абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.