Караколдо өз үйүндө жашыруун төрөгөн 21 жаштагы кыз соттолду | Эркиндик Медиа

Караколдо өз үйүндө жашыруун төрөгөн 21 жаштагы кыз соттолду

Каракол шаардык соту Жазык кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүмү (Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен айыпталган Дүйүмкандын (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап, өкүм кабыл алды.

Айыпталуучу Дүйүмкан 2000-жылы Түп районунда туулган, орто билимдүү, бойдок, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. 2021-жылдын 29-мартынан бери үй камагында.

Төргөө органдарынын маалыматына караганда, Дүйүмкан 2020-жылдын июль айынын ортолорунда тест аркылуу боюнда бар экенин билген. Бирок кош бойлуулукту жашыруу максатында медициналык жайларга кайрылган эмес. Ошондой эле ата-энесине, бир туугандарына айткан эмес. 2021-жылдын 7-январында болжол менен саат 23:00 чамасында кыйналып, тез жардам унаасы менен Ысык-Көл облустук төрөт үйүнө барган. Анын жанында сиңдиси болгон. Бирок медицина кызматкерлери операцияда жүргөн учурда Дүйүмкан кайра үйүнө кетип калган. 8-январга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында медициналык жардам чакырбастан жаткан жеринен көз жарган. Андан кийин ымыркайдын киндигин бычак менен кесип, этиятсыздыктан баланы өлүмгө дуушар кылган. Ымыркай кыз болгон.

Сот отурумунда айыпталуучу Дүйүмкан угузулган айып боюнча күнөөсүн моюнуна алды. Анын айтымында, 7-январда түн ичинде ичи ооруганынан төрөт үйүнө барган. Медицина кызматкерлери күтүп тур дегенинен күтүп отуруп, андан кийин кетип калган. 8-январга караган түнү саат 02:00 чамасында үйдө төрөгөн. Киндик кесүүнү интернеттен көрүп, андан кийин ымыркайдын киндигин бычак менен кескен.

Дүйүмкан белгилегендей, бала төрөлгөндө эле өлүү төрөлгөн.

Айыпталуучу соттон жеӊил жаза дайындоону суранды.

Сиңдиси айыпталуучу эжеси болорун, анын ичи катуу ооругандыктан төрөт үйүнө барышканын, ал жерде күтүп отуруп кетип калышканын билдирди. Андан кийин түнкү саат 02:00дө эжеси «электр жарыгын күйгүз» деп кыйкырганын, электр жарыгын күйгүзгөндө төрөлгөн ымыркай үнсүз жана кыймылсыз жатканын көргөнүн кошумчалады.

Дүйүмкан Жазык кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүмү (Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде дайындалган жазадан бошотулуп, ага карата 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды.