Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны күн санап көбөйүүдө | Эркиндик Медиа

Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны күн санап көбөйүүдө

Акыркы суткада Казакстанда дагы 1430 адам коронавирус менен катталды. Ал эми бир күн мурда коңшу өлкөдө 1180 адам коронавирус жуктурса, 20-январга карата 1134 адамдан коронавирус аныкталган.

Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 173 миң 842 адамдан коронавирус аныкталды.