Казакстанда “Спутник V” менен массалык түрдө эмдөө башталды | Эркиндик Медиа

Казакстанда “Спутник V” менен массалык түрдө эмдөө башталды

Казакстанда бүгүндөн тарта коронавируска каршы “Спутник V” россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды. Бул туура казак басылмалары билдирди.

Вакцинация ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Февраль айында 112 миң доза, мартта 150 миң, ал эми апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан алып келинип турат. Ошондой эле апрелде Казакстанда чыгарылган QazCovid-in препараты менен 75 миң доза көлөмүндө иммундаштыруу башталат. Андан кийинки айларда 500 миңге көбөйтүлөрү айтылат.

“Спутник V” менен биринчи кезекте медиктерди, мугалимдерди, полиция жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүшмөкчү.

Кечээки статистика боюнча, Казакстанда бир суткада 1 342 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Маалыматта Акмоло жана Павлодар облусунда ооругандар көп катталган.