7 айлык кош бойлуу… Жалал-Абадда 16 жаштагы кыздын өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган жаранга өкүм чыкты | Эркиндик Медиа

7 айлык кош бойлуу… Жалал-Абадда 16 жаштагы кыздын өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган жаранга өкүм чыкты

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кыз менен бир нече жолу жыныстык катнашта болуп жүргөн жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул көрүнүш дээрлик бир жылга созулуп,кыздын боюна бүтүп, кош бойлуулуктун 7-айы болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Базар-Коргон районундагы айылдардын биринин тургуну Ж.К. 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын 20-январына чейинки аралыкта 16 жаштагы кызды жашы жете элек экенин билип туруп, аны менен бир нече жолу жыныстык катнашта болуп жүргөн. Айыпталуучу 1999-жылы Базар-Коргон районунда туулган, үй-бүлөлүк абалы бойдок, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт.

Айыпталуучу соттук отурумда кылган ишин толугу менен моюнуна алып:

“Мен кыз менен 2019-жылдын ноябрь айында Инстаграм аркылуу таанышып калгам. Аны менен биринчи байке-карындаш катары сүйлөшүп жүрүп, 5-6 күн убакыт өткөн соң телефон номерин алып, ал менен кыз-жигит катарында сүйлөшүп баштагам. 2020-жылдын январь айынын башында жолугуу үчүн Базар-Коргон айылындагы көчөлөрдүн кесилишинде кыз менен жолуктум. Ошол күнү ал менен аталган айылдагы сейил бакка барып сүйлөшүп отуруп бири-бирибизди жактырып калдык. Кыздын өзүнүн каалоосу менен жыныстык катнашка баргам, андан кийин анын макулдугу менен бир нече жолу айылда жыныстык катнашта болгонбуз. Бүгүнкү күндө кылган ишиме терең өкүнүп кечирим сурайм, биз экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз, мага карата жаза чарасын колдонууда мен кыз менен элдешкенимди жана анын мага карата доосу жок экенин эске алып, кылмыш ишимди кыскартып бүрүүнү суранам”, – деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Жабырлануучу кыз айыпталуучуга карата доосу жок экенин айткан:

“Мен 2020-жылдын март айында апамдын жанына Бишкек шаарына баргам. Ал жакта апам менен бирге жашап жүрүп, 2020-жылдын 31-август күнү ичим ооруганда апам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине алып барып, текшерткенде кош бойлуу экенимди билдик. Апам кимден кош бойлуу болуп калганымды сураганда коркуп, чындыкты жашырып 2020-жылдын февраль айында Базар-Коргон районунун Карача айылынын жогору тарабындагы платинада 1995-жылы туулган жаран күч колдонуп зордуктап койгон деп айтып койгом.

Менин айтканым боюнча апам Базар-Коргон РИИБине барып арыз менен кайрылды. Бирок чыныгы окуя башкача болгон. Анда 2019-жылдын ноябрь айында мага айылдаш болгон 1999-жылы туулган бала интернет аркылуу сүйлөшүп калгам. Аны менен 10 күн бою WhatsApp менен сүйлөшүп жүрүп, 2019-жылдын декабрь айынын башында аны менен жолугалы деп алдын ала сүйлөшүп, болжол менен саат 14:00 чамасында Базар-Коргон айылындагы сейил бакта жолугушкам. Ал менен биринчи жолу жолугуп аны жакшы көрүп калганым үчүн өз каалоом менен биринчи жолу жыныстык катнашта болгом. Ошондон баштап таенем жашаган үйдүн жанында жолугуп жүргөм. Ал жерден аны менен кечинде караңгыда өзүм макул болуп жыныстык катнашта болгом. Мындан улам айыпталуучуга карата эч кандай доом жок. Ага карата козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүүнү суранам”, – деп билдирген кыз.

Апасы тосмо арыз жазган:

“Мен Базар-Коргон районундагы айылдардын бирине турмушка чыгып, ал менен 3 ай убакыт бирге жашап, пикир келишпегендиктен ажырашып кеткем. 2004-жылы кыздуу болуп, кийин жашоо шартка байланыштуу 2013-жылдан тартып Бишкек шаарындагы тигүүчү цехтердин биринде иштеп келем. Эмгек акы жакшы болгондуктан Бишкек шаарында иштеп, кызымды Базар-Коргондогу өз апамдын карамагына бергем. Кийин кызым ооруп калып, Бишкекке алдыртып келип, бирге жашап жатканда кызым ашказаным ооруп жатат деп айтканынан аны ооруканага алып барсам, 7 айлык кош бойлуу болуп чыкты. Кызымдан эмне болду деп сураганда, аны 1995-жылы туулган бала эркиме каршы зордуктап койду деп айтып берген. Анан келип, милицияга арыз менен кайрылсам, кызым мага айткан мурдагы көрсөтмөсүн толугу менен өзгөртүп, аны оюмдан чыгарып койгом деп, болгон окуяны менин катышуумда айтып берди. Мен айыпталуучуга карата эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазып бердим”.

Өкүм:

Сот иш боюнча бардык тараптардын угуп көрүп чечим чыгарды. Айыпталуучу кыздын жашы жете электигин билип туруп кылмышка баргандыгын эске алып, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратты. Бирок айыпталуучуга мунапыс колдонулуп, жазасынын үчтөн бири кыскартылган.