Аалы Туткучев: Кайран элим ай! Сатылган да, атылган да өзүбүз | Эркиндик Медиа

Аалы Туткучев: Кайран элим ай! Сатылган да, атылган да өзүбүз

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгында 4 партия Жогорку Кеңешке шайланган. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкандар митингге чыгышты. 12 партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңыларын дайындоого чакырды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үй менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алышты.

Ал эми БШК шайлоо кайрадан өткөрүлөрүн жарыялады. Буга байланыштуу ак таңдай акын Аалы Туткучев төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты:

“Жан дүйнөм ооруп жатат. Кайран элим ай! Сатылган да, атылган да өзүбүз. Буга чейин болгон, мындан ары да болот. Бирок мынчалык болбош керек эле”.