Абдил Сегизбаев: Мен түрмөгө отурсам дагы үндөбөй калбайм | Эркиндик Медиа

Абдил Сегизбаев: Мен түрмөгө отурсам дагы үндөбөй калбайм

УКМКнын мурдагы төрагасы жана президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Буга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Сегизбаев жер менен болгон бүтүмдөрдөгү коррупцияга шектелип жатат деген билдирүү тараткан.

22-январда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ал өзүнө кылмыш иши козголоорун билгенин билдирди. “Бирок мен мынчалык маанисиз болот деп күткөн эмесмин” деди Сегизбаев.

Анын айтымында, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси 2008-2009-жылдары ижарага алынган.

«Бул участоктор мага 2008 жана 2009-жылдары ижарага берилген. Баары иретке келтирилген. Менин өмүр баянымды карасаңыз, анда мен ал жылдары чиновник болгон эмесмин. Бул Курманбек Бакиевдин башкаруу мезгили болчу», – деди ал.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттик кызматка орношкондо, бул участокторду эжесине каттатып алган. “Мени мыйзамсыз трансформация үчүн айыптоо утопия” деп баса белгиледи Сегизбаев.

Сегизбаев прокуратура аны айыптап жаткан “Коррупция” беренесинин “негизи жок” жана Башкы прокуратура “адашып” кетиши мүмкүн деп эсептейт.

Саясатчы өзүнүн кылмыш ишин “саясий” деп атады. Анын айтымында, ага Жаныш Бакиев жазга чейин «камоо» жөнүндө буйрук бергендиги тууралуу маалымат алган.

«Алар менден баарын сууруп чыгат деп коркушат. Камайбы же камашпайбы айырмасы жок. Мен түрмөгө отурсам дагы үндөбөй калбайм”,-деди ал.

Сегизбаев ошондой эле аны азырынча эч ким суракка чакыра электигин кошумчалады.