Абдил Сегизбаев: Шайлоо алдындагы ачык айтып чыккан маалыматтардан кийин кылмыш иши козголот деп күткөнмүн | Эркиндик Медиа

Абдил Сегизбаев: Шайлоо алдындагы ачык айтып чыккан маалыматтардан кийин кылмыш иши козголот деп күткөнмүн

УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев ага карата козголгон кылмыш иши, коюлган берене негизсиз деп эсептейт. Мындан 13 жыл мурун, мамлекеттик кызматкер боло электе сатып алган жер тилкесине байланыштуу иш козголгону күлкү келтире турганын бүгүн, 22-январда АКИпресс агенттигинде уюштурган маалымат жыйында билдирди.

Өзүнүн айтымында, шайлоо алдындагы ачык айтып чыккан маалыматтардан кийин кылмыш иши козголот деп күткөн.

«Башкы прокуратура мага күнөө коюп жатат. 319-берене — коррупция боюнча. Бул эмне болгон статья? Эгерде кимдир бирөө мамлекеттик кызматта турган адам башка бирөөлөр менен өзүнө пайда табуу үчүн кандайдыр бир чечим же иш кыла турган болсо, ошол коррупция деп аталат. Башкы прокуратура жазып жатат: Аламүдүн райондук администрациянын өкүлдөрү, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жетекчилери менен мыйзамсыз жайыт жерин алып, трансформация кылган деп.

Койгон берененин таптакыр негизи жок. Бул токтомдун (токтомду көрсөтүп) негизинде 2008-2009-жылы мен жашаган айыл өкмөтүмдөн 2 гектардай жайыт жерди документ менен ижарага алгам. Басып алган эмесмин, тартып алган эмесмин. Ал учурда мен эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Бакиевдин учурунда мени кызматка жолотушчу эмес.

Демек мен ал учурда эч кандай мамлекеттик кызматкер болбосом, жетекчи болбосом, жөнөкөй адам катары ижарага документ менен алсам 319-берене эмненин негизинде коюлуп жатат? Бул беренени коюш үчүн ошол учурда мен бир кызматты ээлешим керек болчу. Кийин мамлекеттик кызматка келгенде ижарага болгон укугумду башка адамга өткөрүп бергем.

Эгерде ушул жол менен кете турган болсок, анда каякка барабыз?», – деди А.Сегизбаев.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматында айтылган 92 жер тилкеси же 18 гектар жер тууралуу: «18 гектар дегени жалган. 7,5-8 гектар жерди эл аралык уюмда («Сорос» фондунда консультант) иштеп жүргөндө айлыгымды чогултуп жатып сатып алгам (95-жылдан баштап 2002-жылга чейин).

Атам отургузган алма бакт болчу. Атамдан эстелик болуп калсын деп, 2-3 сотыхтан чогултуп, сатып алып, 2002-жылы мамлекеттик каттоодон өткөрүп бүткөнбүз. Азыр ал жерде алма бак өсүп турат. Атам 60-жылдары отургузган алма бак. Кийин эл кыябыз дегенде элден 1-2 сотых кылып чогултуп, сатып алгам. Кийин кызматка келгенде башка адамга өткөрүп бергем. Мында эмне коррупция бар?», – деди.

Бүгүн, 22-январда Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады.

  • Башкы прокуратуранын маалыматы:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер, анын кен байлыктары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин, иш-аракетинин негизи катары пайдалынат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарууга алынат, ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилбейт.

Бирок УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлерине кол салып, коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерди 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, курулуштарды жүргүзүп, андан кийин жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге А.Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева, Г.Кеңешова жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлеринин атынан ишеним каттарды жасалмалап, Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алып. Жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөнү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы камсыз кылынганы аныкталган.

20-январда Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: Акипресс