«Аэрофлот» 1 ай Москвадан Бишкекке жана Ошко учууга тыюу салат | Эркиндик Медиа

«Аэрофлот» 1 ай Москвадан Бишкекке жана Ошко учууга тыюу салат

«Аэрофлот» компаниясы коронавирус инфекциясынын жайылышын чектөө иштерине байланыштуу туруктуу эл аралык авиакаттамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 28-марттан 30-апрелге чейин Москвадан бир катар шаарларга учууга тыюу салынды. Анын ичинде Москва—Бишкек, Москва—Ош авиакаттамы дагы бар.

Учууга тыюу салынган каттамдар: Актау, Актөбө, Аликанте, Алматы, Амстердам, Атырау, Афина, Баку, Бангкок, Барселона, Бейрут, Берлин, Бишкек, Брюссель, Болонья, Будапешт, Бухарест, Бухара, Валенсия, Варшава, Вашингтон, Венеция, Вену, Верона, Вильнюс, Гавана, Гамбург, Ганновер, Гонконг, Гуанчжоу, Денпасар, Дрезден, Дублин, Дюссельдорф, Ереван, Загреб, Караганда, Кишинёв, Коломбо, Копенгаген, Костанай, Ларнаку, Лос-Анжелес, Лион, Лиссабон, Любляна, Мадрид, Майами, Малага, Марсель, Милан, Мумбай, Мюнхен, Ницца, Нью-Йорк, Неаполь, Осака, Осло, Ош, Париж, Прага, Пекин, Пхукет, Рига, Рим, Римини, Салоники, Самарканд, София, Стокгольм, Таллин, Ташкент, Тегеран, Тель-Авив, Тенерифе, Тиват, Улан-Батор, Франкфурт-на-Майне, Ханой, Хошимин, Цюрих, Шанхай, Штутгарт, Шымкент.