Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды | Эркиндик Медиа

Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокту жана саламаттыкты сактоону көзөмөлдөгөн бардык аткаминерлер суракка чакырылат.

Ошондой эле, мурдагы каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын да жоопкерчилиги каралып жатканы айтылды.

Финполициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рисбаев гуманитардык жардам боюнча өзүнчө сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

“Маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө, азыр текшерүү жүрүп жатат. Аны бүткөндөн кийин күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз. Жыйынтыгы бир айдын ичинде – февралдын ортосуна чейин белгилүү болот деп ойлойм ”, – деди ал.
Белгилей кетсек, коронавирус учурунда алынган гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн алкагында козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айыпталуучу катары өтүүдө. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы күбө катары чакырылган. 12-январда экс-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Финполицияга чакырылып, 5 саат сурак берип чыккан.