Аида Салянова: 6 жылдан бери мени куугунттуктап келе жатасыңар, эми эмне бышырып жейсиңерби?! | Эркиндик Медиа

Аида Салянова: 6 жылдан бери мени куугунттуктап келе жатасыңар, эми эмне бышырып жейсиңерби?!

Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылып келген экс башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги иштин кандай болгону тууралуу видео аркылуу ачык айтып берди. Ошондой эле Батукаевге карата болгон иште дарыгерлердин ал адамдын аз өмүру калганы тууралуу кагазы болгону чындык экенин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев ага кылмышкерди чыгаруу тууралуу буйрук бербегинен тастыктап кеткен. Ошондой эле каралоонун арты менен ден соолугу начарлап жатканын кабарлаган.