Айдоочуларга эскертүү! Капчыгайда кар көчкү түшүп, жол жабылды | Эркиндик Медиа

Айдоочуларга эскертүү! Капчыгайда кар көчкү түшүп, жол жабылды

2021-жылдын 20-январь күнү саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымында (Капчыгай тилкеси) болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолду тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 5 кызматкер тартылды. Жабыркагандар жок.