“Ассаламу алейкум
Адамдан Адам жаралуу кыйын…
Токсикоз…Бел оору…
Маанай тез тез түшүп, кайра тез көтөрүлүп, айтор
ар кандай болосуң…
Эчтеке жактырбай, ар кандай эле боло бересиң…
Албетте, ар бир балада ар кандай..
Биринде, “эртең төрөйм” деген күнү деле так секирип жүргүн болосуң.
Аялзатына ушундай күч-кубат берилген экен баарын көтөрүп,чыдайсың…
А бирок, ошол нерсени жанындагы мырза да түшүнсөчү…
Экөө чогуу ошол күндөрдү өткөрсө… Жаныңда жөлөк болуп, сени колдоп, жакшы сөздөрүн арнап турса эле…
Өзү жаның кыйналып турса, ого бетер кылбай түшүнсөчү… Сен атайын кылбайсың го бул нерсени…
Бул убактылуу күндөрдө сени түшүнүп, колдоп турса гана…
Боюнда бар аялдын жанында күчтүү күйөөсү колдоп, түшүнүп, эркелетип, жегиси келген нерсесин алып берип, наристени ак сүйүүдө бул дүйнөдө мээрими менен тосуп алсачы…
Мунун баары аялга эмес, ичиндеги ымыркайга керек нерселер!
Баланы тарбиялоо түйүлдүк болгон кезден башталат…
Балдарыбыз сүйүүдөн жаралса…
Себеби, балдарың Сенин күзгүң!!!
А бирок, ушундай мырзалар бар, боюнда бар аялын ушунчалык сыйлап ,кадырлап, көтөрмөлөп турат…
Деги эле аялдарын сүйүп, сыйлаган мырзалар бар болгула!”.