Ак үйдүн алдына митингге чыккандар Сооронбай Жээнбековду эртеңки инаугурацияга катыштырбоону талап кылышты | Эркиндик Медиа

Ак үйдүн алдына митингге чыккандар Сооронбай Жээнбековду эртеңки инаугурацияга катыштырбоону талап кылышты

Бүгүн, 27-январда Ак үйдүн жанында эки митинг өттү.

Ак үйдүн алдына чогулган 6-7 киши Садыр Жапаровдун ант берүү аземине экс-президент Сооронбай Жээнбековду киргизбөөнү талап кылышты.

Алар Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда 2 миңдей адам коронавирустан каза таап, дары-дармектер жетишсиз болгонун жана бул үчүн экс-президент жооп бериши керек экенин айтышты.
ошондой эле бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтмөкчү. Иш-чарага миңден ашык конок чакырылды.