Ак-Сууда 3,7 миллион сомго мал сатып алып, акчасын бербей койгон шектүүлөрдүн иши сотко өттү | Эркиндик Медиа

Ак-Сууда 3,7 миллион сомго мал сатып алып, акчасын бербей койгон шектүүлөрдүн иши сотко өттү

Ак-Суу районунда 3,7 миллион сомго мал сатып алуу менен алдамчылык кылган аялдын иши соттун кароосуна жиберилди.

Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А.га карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2,3-бөлүктөрү (Адамдардын тобу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, райондук соттун кароосуна жиберилди.

Өткөн жылдан май айында Ак-Суу РИИБне Ак-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын ноябрь айында белгисиз аял эркек адам менен келишип, өзүн жеке ишкер катары таныштырып, 2 баш уюн жана жылкысын карызга алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей жаткандыгын билдирген.

Аталган факт райондук милициясынын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 беренеси (Алдамчылык) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары кармалышкан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А., жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күнөөлөрүн толугу менен мойнундарына алышкан болучу.

Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аталган шектүүлөрдүн дагы 31 ушундай жасаган учурлары аныкталды. Бир жылдын аралыгында И.Ж. жана Ч.А. Ак-Суу районунун Ак-Булак, Качыбек, Кайырма-Арык айылдарынын тургундарынын ишеничтерине киришип, баш аягы алардан 27 баш ири мүйүздүү малды жана 20 баш жылкыларды карызга алышып, акчаларын кийин берери боюнча убадаларын беришкен. Бирок өздөрүнө алган милдеттерин аткарбай, акча каражаттарын мал ээлерине кайтарбай коюшкан. Жалпы материалдык зыян 3,7 миллион сомдун тегерегин түзгөн.

Азыркы учурда, алдамчылык боюнча айыпталып жатышкан И.Ж. жана Ч.А. үй камагында.