Акбалык Жумалиева: Тоодой жумуш жасаган Мырзакматовдун жанында Марипов ким? | Эркиндик Медиа

Акбалык Жумалиева: Тоодой жумуш жасаган Мырзакматовдун жанында Марипов ким?

Буга чейин Мелис Мырзактамовду премьер-министр болот деп бир топ маалыматтар чыккан болчу. Ошондой эле коомчулукта Новиков менен Мырзактамовду тандоо дагы болгон эле. Бирок күтүүсүз жерден Улукбек Марипов дайындала турганы маалым болуп отурат. Бул тууралуу өз пикирлерин да калтырышууда. Алардын бирин өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

Фейсбукта жигердүү пикирин калтыргандардын бири Акбалык Жумалиева : “Мелис Мырзакматов менен Улукбек Мариповду салыштырып болобу?

Мырзакматов чарбачыл, күчтүү кризис менеджер, күчтүү жетекчи экенине баарыбыз күбө болгонбуз. Аны жасаган жумуштары тастыктап турат. Ал эми Марипов деген ким? Колдогондор «тоодой жумуш жасаган» дейт. Айткылачы, биз да билели десең бир жасаган жумушун айта алышпайт. Өлкө экономикасы оор абалда турганда бизге Мариповдой ПМ керек беле?

Менин оюмча Мырзакматов ПМ болуп, кийин да аппарат башчы болуп, ишин улантса өлкө үчүн утуш болмок эле”-деп жазган.