“Акча алып жүргөн” Куудул Ж.Айтиевдин уулун өлтүргөн жигит өмүр бою эркинен ажыратылды | Эркиндик Медиа

“Акча алып жүргөн” Куудул Ж.Айтиевдин уулун өлтүргөн жигит өмүр бою эркинен ажыратылды

Жогорку сот ырчы, куудул, тамада Жеңишбек Айтиевдин уулу Туратбектин өлүмүнө айыпталган Нуржигит Анарбаевге карата өкүм чыгарды.

Маалым болгондой, куудулдун уулун өлтүрдү деп айыпталган Нуржигит Анарбаев буга чейинки соттордо өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал өкүмгө макул болбой, Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, аны өмүр бою камакта калтыруу чечимин чыгарды. Өкүм 2020-жылдын 29-декабрында чыгарылды.

Мигрант изрезал 12-летнего сына известного певца в Оше (ФОТО) » КАБАРЛАР -  Всегда первый!

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2016-жылы 21-октябрда саат өспүрүм баланы белгисиз бирөө бычактап кеткени боюнча маалымат берген. Окуя болгон жерге алгач Патрулдук милициянын кызматкерлери, оперативдүү тергөө тобу жана Ош ШИИБдин жетекчилиги барган. Аталган көчөдөгү №1 «Б» дарегиндеги үйдүн алдынан табылган дене жергиликтүү тургун — 12 жаштагы Т.Айтиев экендиги аныкталган. Бул дарекке келген медицина кызматкерлери анын каза болгондугун билдирген. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана мойнунда бычактын бир нече изи болгон. Маркум баланын 2 иниси жана 1 карындашы бар экендиги айтылган.

1

Анын өлүмүнө шектелген А.Н. окуядан көп узабай колго түшүрүлүп, 48 саатка камакка алынган. Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козгогон.

Шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. Россияда иштеп жүрүп, 1 ай мурун кайтып келгени белгилүү болгон. Ал кармалган учурда колуна бычак кармап жүргөн. Алгачкы көрсөтмөсүндө «Ал (каза болгон бала) үйүмө келип, тамагыма уу салайын дегенде подъездден кармап алып бычактап салдым» деп айткан. Маркум бала менен шектүү коңшу болгон.

Соттук териштирүүдө Нуржигит маркум Туратбекти коркутуп, акча алып жүргөндүгү белгилүү болгон. Бала акча берип жүрүп, кийин Нуржигитке кездешүүдөн качып калган. Тергөө Нуржигиттин кылмышты жасашына баланын акча берүүдөн баш тарткандыгы себеп болгонун аныктаган.

Айыпталуучу А.Н. 2017-жылдын 24-январында Ош шаардык соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок анын жакындары буга макул болбой, облустук сотко кайрылган. Облустук сот 2017-жылдын март айында ишти карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Шектүүнүн жакындары андан соң Жогорку сотко да кайрылышкан болчу.